• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Шайлообек Атазов кайда экенин айтты

29 Бирдин айы 2024 22:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, ал учурда кайда экенин айтты.

Депутат билдирүүсүндө ал Түркияда дарыланып жатканын жазган.

«Мен, учурда Туркияда даарыланып жатам. Тилеке каршы жүрөгүмө атайын медициналык апараттар орнотулгандыктан, акыркы 4 күндөн бери телефонумду жана башка байланыштарды колдоно албай калдым. Бул талап медициналык сактык чараларынын бир бөлүгү болду… Кудайга шүгүр. Азыр бир кыйла жакшымын. Сиздерден кечирим сурайм. Көптөгөн журналистер, туугандар, ага-инилер, спортчулар, достор чалган экенсиздер. Убагында жооп бералбадым. Мындан сырткары буюртма жазмакерлер аркылуу кесиптешим Айбек Осмонов экөөбүздү өлкөдөн шашылыш чыгып кетти деп Кадыржан Батыров, Батукаев же дагы башка бир тероррист сыяктуу каттуу талкуу болгон экен. Мен дарылануу максатында төраганын атына кат жазып мыйзам чегинде жалгыз келдим. Депутат Айбек Осмонов бир канча күндөн кийин үй бүлөсү менен чыгыптыр. Ортобузда бир канча күн айырмачылык бар. Деги эле ден-соолуктан ким саясат жасап жатат???»,-деп билдирди депутат.

Ошондой эле Атазов аз күндөрдө дарылануу курсу аяктап келе турганын кошумчалады.

Эске салсак, 27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип “депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Ушундай эле маалыматтар социалдык тармактарда да тарады.

Айбек Осмонов 28-февралда “Азаттыкка” берген комментарийинде Түркияга дарылануу үчүн кеткенин, өлкөгө кайра кайтып келерин билдирген.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

Ал эми 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Количество просмотров: 191