• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Оппозициялык кыймыл президенттин Ширшов тууралуу билдирүүсүн сындады

12 Бугу 2022 9:09 Бишкек Govori.TV

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймылы» президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшов боюнча пикирине нааразылыгын билдирген кайрылуу жасады.

«Дастан» трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов «Коррупция» беренеси менен кармалып, 10-майда үй камагына чыгарылган.

Оппозициялык кыймыл президент Жапаров билдирүүсүндө «Ширшов кылмыш жоопкерчилигине тартылып, издөө салынган эмес» деп коомчулукту адаштырып жатканын белгилеген. Анда Алексей Ширшов Максим Бакиевдин жакын адамы катары «Кыргызтелеком», «Түндүк электр», «Кыргызгаз», «Витязь», «Каприз», «Аврора плюс», «Аврора Грин» пансионаттарын менчиктештирүү учурундагы коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары боюнча көптөгөн кылмыш иштеринде жана сот өкүмдөрүндө кездешери айтылган.

«Бакиевдерге карата аяктаган кылмыш иштерге байланыштуу укук коргоо, сот органдарынын иш-аракеттери, биз тарабынан аларды реабилитациялоо жана кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү кайтарып берүү аракеттери катары бааланат», — деп айтылат билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров 11-майда Алексей Ширшов боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Президенттин айтымында, Алексей Ширшов 6-7 ай мурда жардамчылары аркылуу байланышып, «Максим Бакиевдин 200 млн. доллары камакта жаткан банкты тапканын, Кыргызстанга кайтарууга болорун айтып» кабыл алууну суранган.

Мамлекет башчысы Алексей Ширшов тергөө учурунда 2010-жылы Максим Бакиевдин мүлктөрүн, «Аврора плюс” пансионатын, андагы коттеждерди, батирлерди кайсы бийликте отурган адамдар, Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү талап-тоноп, туугандарына каттатып алганын айтып бергенин жазган.

Жапаровдун айтуусунда Алексей Ширшовго карата Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан эч кандай кылмыш иши козголуп, издөө салынган эмес.

«Дастан» трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болду. Аталган орган бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылууда.

Количество просмотров: 546