«Коррупция» беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан «Дастан» трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов түндө бир нече унаанын коштоосунда шаардын көчөлөрүндө жүргөнү маалымдалды. Бул тууралуу видео менен журналист Болот Темиров өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.