• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Депутат Төрөбаев №39 протокол боюнча оюн айтты

1 Бирдин айы 2022 16:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган жолдун курулушу боюнча пикирин билдирди.

«Ворухка коридор берилбейт, Лейлек анклав болбойт. Протоколдун аткарылышында жазылгандай, Ворухка жол бериш үчүн биринчиден, анын статусун аныктап чыгуу керек. Келишимде ал жолду ким курат, кайсы тарапка карайт, каражат маселеси мамлекеттик келишим менен аныкталышы керек. Ошондой эле ага эки өлкөнүн президентти кол коет. Ага чейин жол куруу боюнча маселе көтөрүлбөйт»,-деди Төрөбаев.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин 29-январь күнү эки тараптуу сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы өткөн. Жолугушууга Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов баштаган эки тараптын өкүлдөрү катышкан. Анда чек ара маселесин 2021-жылдын 1-майындагы №39 протокол менен чечүүнү макулдашылган.

Количество просмотров: 3040