• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Депутат Төрөбаев: Кыргызстандыктардын 25 пайызы депрессия болуп жатышат

31 Тогуздун айы 201912:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-октябрдагы отурумунда депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда бир жыл ичинде жаңыдан ооруп, дарыгерге кайрылгандардын саны 1,5 млн адамга жеткенин айтты.

Баткен облустук ооруканасындагы дарыгерлердин иш таштоосуна байланыштуу маселе боюнча айткан депутат саламаттыкты сактоо тармагындагы саясат алгылыктуу ишке ашпай жатканын белгиледи.

«Дарыгерлер жумуштан кетүү боюнча арыз жазышты. Бул жамааттын 92 пайызы. Бул өтө кооптонууну жаратат. Саламаттыкты сактоо коопсуздугуна, улуттук коопсуздукка коркунуч бар деп эсептейм. Алар арызында ондон ашык шарттарды көрсөтүшүптүр: айлык маяна, шарттардын жоктугу, негизсиз текшерүүлөр… Билим берүү системасында дагы негизсиз текшерүүлөр абдан көп», — деди депутат.

Мындан тышкары, статистикалык маалыматтарды айткан депутат: «Бир жылда 1 млн 584 миң адам жаңы диагноз менен дарыгерге кайрылган. Статистика өсүп жатат.

Кыргызстандагы эң көп катталган 5 оору: жүрөк кан тамыр оорусу менен ооругандар 50 пайызды түзөт. Өпкө, рак, кант диабети да өсүп жатат. Бешинчиси — жаңы пайда болуп жаткан депрессия. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 25 пайызы депрессия болуп жатышат», — деди.

Количество просмотров: 53