• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Депутат Төрөбаев парламенттин иштөө мөөнөтүн үч жылга чейин кыскартуну сунуштады

22 Тогуздун айы 201915:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутат Бакыт Төрөбаев парламентти шайлоо мөөнөтүн үч жылга чейин кыскартуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу ал «Марал» радиосуна маек берип жатып билдирди.

«2020-жылда, жаңы-жылдан кийин мыйзамды өзгөрткөнгө биздин укугубуз болот. Ошондо мыйзамда беш жыл деп жазылып калган мөөнөттү 3 же 4 жыл деп өзгөрткөндү мен да туура көрүп жатам. Анткени эл парламенттен 2-3 жылдан кийин эле тажап калат экен», — деди эл өкүлү.

Кошумчалай кетсек, учурда иштеп жаткан «алтынчы чакырылышка» 2015-жылы 4-октябрда шайлоо өткөн. Ага 14 саясий партия катышып, 6 саясий партия Жогорку Кеңешке келген. ЖКда 120 эл өкүлү бар.

Ал эми 2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.

Количество просмотров: 62