Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашовдун апасы дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, Таалайбек Сарыбашовдун апасы Ырыс Сарыбашова 81 жашында каза болду.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 10-июнь күнү Алай районунун Гүлчө айылында өтөт.