Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун 10 жаштагы кызы Самина Икрамова Сузак районундагы оорукананын курулушуна өзүнүн чогулткан акча каражатынан бөлүп берди. Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Санрабия Кубанычбекова билдирди.
Анын топтогон акчасы 7017 сомду түзгөн. Каражатты берүү үчүн ал Сузактагы активисттерге чалган.
“Коронавирус менен күрөшүүдө бардыгы жардам берип жатат, мен дагы кол сунгум келди. Эч ким оорубасын»,- деген кайрымдуулук кылган Самина.