• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Депутат Тиллаев чек ара маселеси боюнча элди сабырдуулукка чакырды

18 Бештин айы 201914:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев учурдагы чек арадагы абал боюнча билдирүү жасап, элди сабырдуулукка чакырды.

«Бизди өкүндүрөт кошуналардын мындай мамилеси. Жакында эле курулуш иштерин токтотуу боюнча. Бүгүнкү маселе башка кырдаалдан улам, биздин жаранды сабап койгондуктан чыгыптыр. Негизгиси элди сабырдуулукка чакырам», — деди депутат.

Кошумчалай кетсек, учурда депутат Азербайжанда иш сапары менен жүрөт.

https://www.facebook.com/ibraim.nurakunuulu/videos/10157153886668264/

18-декабрда Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин кызматкери жараат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-декабрда саат 11:30да Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери менен күч органдары сүйлөшүп жаткан учурда тажик тараптан белгисиз адамдар Кыргызстандын жарандары турган тарапка таш ыргыта баштаган. Аларга жооп катары кыргыз жарандары да таш ыргытып, Тажикстандын жарандарынын эки автоунаасынын алдыңкы терезелери сынган.

Ортодон 20 мүнөт өткөндөн кийин Тажикстан тараптан ок атылып, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин кызматкери жараат алды.

Натыйжада чек ара маселелери боюнча эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү токтотулду. Эки тарап тең жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна жөнөп кетти.

Количество просмотров: 26