• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Депутат Тиллаев: Чек ара маселесин Баткенде жашаган адам билет

14 Жалган куран 2019 20:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

13 — мартта Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргызстандык жаран жаракат алганы маалымдалган.

Окуя болгон жерге эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кырдаалды турукташтыруу боюнча ишин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Иброхим Азим барган.

Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр боюнча тиешелүү органдардан маалыматты депутаттар жабык түрдө карашты.

Жогорку Кенештин депутаты Таабылды Тиллаев Govori.TV. агенттигине берген интерьюсунда чыр чыккан жерге бараарын билдирди.

Количество просмотров: 21