Ташылып келген автонунааларга бажы алымдары 2020-жылдын башынан тарты бир топ кымбаттары айтылган. Бул туурасында депутат Таабалды Тиллаев ЖК жыйынында сөз козгоп, элдер «паникада» унаа кымбаттайбы же арзандайбы? деген суроосун берген.
Ал эми экономика министри Санжар Муканбетов депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна жооп берди.
«Берилген жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп атат. Негизи азыр ЕАЭБге кирген мамлекеттердин соода-сатыгы бир болуп калды да. Ошондуктан ар бир мамлекет өз автопаркын колдогонго багытталган. Андыктан азыр бул боюнча суроолор болуп атат. Өкмөттө да кеңешип жатабыз. Буюрса алдыга жылабыз», — деди ал.