• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат: Жаңы туу гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек болчу

3 Үчтүн айы 2024 21:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов борбордук «Ала-Тоо» аянтына илинген жаңы туу боюнча пикирин билдирип, Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анын айтымында, жаңы туу расмий түрдө, гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек болчу.

«Ырас, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добуш берүүсүнөн өтүп, президент кол койгондон кийин жаңы туу расмий түрдө аз массовка болсо да, жок эле дегенде мамлекеттик катчынын катышуусунда гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле. (Душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат.) Тилекке каршы, андай болбоду. Ошол жерде жалпы ММКанын катышуусунда мамлекеттик катчы тууну оңдоп, түзөөгө эмне негиз болгонун жана кайсы жерлерине түзөтүү киргенин айтып беришсе болмок. Туу жөнөкөй маселе эмес. Бул бүтүндөй бир идеология! Андан тышкары, желектин ЖКда сунуш кылынган варианты башка, викидепияда башка, илинген желектин өңү башка болгону жалпы элдин нааразычылыгын гана жаратат. Бул боюнча тез арада президент башында турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек. Ансыз нааразычылык көбөйө берет», — деп жазган депутат.

Количество просмотров: 217