• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутат Жапаровдун отставкасын талап кылды

25 Бугу 2022 10:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Кумтөр кенинин кирешесинен Нарын облусуна акча бөлүү боюнча пикирин айтып, бул үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду сынга алды.

«Мен Кумтөрдөн Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна акча бөлүп бергиле деп айтып келем. Бирок тилекке каршы, өкмөтүбүз ошол токтомду Нарын облусуна чыгарып жатат. Нарын облусунун Кумтөргө эмне тиешеси бар? Ансыз деле Кумтөр республиканын баарына жардам берип жатпайбы. Ошондуктан бул маселени күн тартибине киргизип, туура эмес токтом чыгарганы үчүн өкмөт башчы Жапаров отставкага кетсин. Уяты болсо өзү кетсин, болбосо мен президентке кайрылам»,-деди Малиев.

Парламенттин спикери депутатты аймактарды бөлбөөгө чакырды.

Эске салсак, буга чейин «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган Нарын облусун өнүктүрүү фондунун атайын эсебине которо турганын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол коюп, мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынганы белгиленген.

Белгилей кетсек, «Кумтөрдүн» кирешесинин 0,6 пайызын Нарын облусун өнүктүрүүгө жумшоо тууралуу буга чейин президент Садыр Жапаров аймактын жашоочулары менен жолугушууда айткан.

Количество просмотров: 2692