• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Депутат: ЖЭБдеги жарылуу диверсия эмес эле шалаакылыктан келип чыкты

7 Бирдин айы 2024 11:10 Бишкек Govori.TV

ЖЭБдеги жарылуу диверсия эмес эле шалаакылыктан келип чыкты. Мындай пикирин бүгүн, 7-февралда депутат Эмил Токтошев билдирди.

“Ушул заманда жашап атып 60-70 жыл мурунку техниканы иштете албай атабыз. Бул жерде атайын уюштурулган эч нерсе жок. Бул шалаакылык, ишин билбегендик. ЖЭБде бир жылда үч жолу директор алмашкан. Кудай сактап түн ичинде жарылуу болуптур. Күндүз жарылса эмне болот эле? Ушундан улам канча деген экономикалык чыгым болду?”, — деди ал.

Депутаттын пикирин кесиптеши Дастан Бекешев да колдоого алып, суу, энергетика тармагындагы жабдуулар бүт эле эскиргенин, жалпы техникалык аудит өткөрүү зарылдыгын билдирди.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарыланууда.

Количество просмотров: 63