• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Депутат: Жети дубан жети тилде сүйлөбөй бир тилде сүйлөсөк

13 Бирдин айы 202010:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Сайдулла Нышанов сөз сүйлөп, кыргыз тилинде так сүйлөө керектигин айтып, буга карата иш-чараларды кылууну сунуштады.

«Жети дубан эли жети тилде сүйлөй баштады деп жатышат. Биз улут катары кийинки келечекке өткөрүп берүү, кийинки муундарга улут катары бар жана болот деп айтуу үчүн кыргыз тилин сактообуз керек. Тилди сакташ үчүн, мына ушул улуу трибунасынан сөздү биз баарыбыз бир тилде сүйлөсөк. Жети дубандан келген жетекчилер ар кимиси өз тилинде сүйлөп жатат. Мына бүгүн билинип жатат деген пикирлер айтылууда. Ошондуктан ушунун баарын эске алып, тапшырма берип, мыйзам чегинде баардык кыргызстандыктар, эми үйүндө ошол диалектиде сүйлөй берсе болот, бирок жыйындарда, жумушта кыргыз тилинде сүйлөсө», — деди депутат.

Количество просмотров: 202