• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Жумалиевге байланышы бар кеңселер тинтүүгө алынганы айтылды

4 Жетинин айы 2020 15:56 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев менен байланышы бар компаниялардын кеңселерин тинтүүгө алып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги күч структураларындагы ишенимдүү булактарына таянып, жазып чыкты.

https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/3743

Алар жөнөткөн видеодон спецназ менен Финполдун кызматкерлери кеңселерди тинтип жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, тинтүү иштери «Таатан» жана «Гоин» соода борборлорунун аймагындагы кеңселер жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев Инновациялык технологиялар эл аралык университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири.

Ошондой эле Жумалиев ММКларга берген маектеринин биринде, «Гоин» жана «Таатан» соода борборунда үлүшү бар экенин билдирген.

Количество просмотров: 184