Жогорку Кеңештин депутаттары 5-июндагы жалпы жыйынында Максат Асаналиевди башкы прокурордун кызмат ордуна жактырды. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.
46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген.
Жогорку Кеңеш 5-июндагы отумурунда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоду. Ал башкы прокурор кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.