• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутаттар БШКдан даярдыктар тууралуу маалымат алууну сунушташты

22 Аяк оона 2021 11:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 22-сентябрындагы отурумунда бир катар депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын келерки парламенттик шайлоого карата даярдык тууралуу маалыматын угууну сунуш кылышты.

Депутаттар “бийликтин партиясына кирип алган коррупционерлер шайлоого аттанды”, “шайлоо дагы тополоңго айланганы турат”, “бир мандаттуу округдарды бөлүштүрүүдө аткаминерлердин кызыкчылыгы, кийлигишүүсү болду”, “айрым саясий күчтөр шайлоо баштала электе эле каралоого өттү”, “былтыр өткөргөн шайлоосунун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин БШКнын моралдык укугу жок” деген пикирлерин айтышты.

Шайлоого карата чет өлкөлөрдүн элчиликтери менен кандай иш жүрүп жатканы, мигранттардын шайлоо укугун камсыздоо жагы кандай болору тууралуу маалымат алуу керектигин белгилешти.

Количество просмотров: 111