• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутаттар ИИМге эмне себептен суракка чакыртылып жатканы айтылды

19 Жетинин айы 2020 12:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Эмил Токтошев, Рыскелди Момбеков жана Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Govori.TVга тастыктады.

Маалыматка ылайык, депутаттар 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон иштери боюнча күбө катары суракка чакырылды.

«Октябрь айындагы болгон башаламандыктардын негизинде бир канча кылмыш иши козголгон. Учурда иштер ИИМдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында териштирилип жатат. Анын акыйкат тергелүүсү үчүн бир катар адамдар күбө катары суралууда, арасынде ЖК депутаттары, коомдук ишмерлер, жөнөкөй жарандар да бар», — деди маалымат катчы.

Эскерте кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо добуш берүү процессинин бузулушунан улам жараксыз деп табылган. Буга байланыштуу борбор калаада 5-6-октябрь күндөрү башаламандык болгон. Анда бир топ жарандар жана милиция кызматкерлери да жаракат алып, бир адам каза болгон.

Количество просмотров: 524