• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутаттар кайрадан «пачкалап» мыйзамдарды кабыл алуусуна кириштиби?

5 Жетинин айы 2020 15:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп бир катар маселелерди талкулоодо. Учурда эл өкүлдөрү мыйзам долбоорлорун карап 1-2-3-окуулардан өткөрүүдө.

Мыйзам долдоорлорунун арасында Кесиптик кошуундар тууралуу мыйзам долбоору да бүгун жалпы окууга алынып чыгарылды. Мыйзам долбоорун окуган Гүлкан Молдобекова аталган мыйзам долбоору 2-окууга кайратылганын айтып, азыр кабыл алып, добуш берүүгө жөнөтүүнү өтүндү.

Ал эми вице-спикер Аида Касымалиева депутаттарга кайрылып, бул мыйзам долбоору өтө көп талкууларды жаратканын айтып, шашылыш кабыл алуунун кереги жок деген оюн билдирди. Натыйжада мыйзам долбоору кабыл алынды, ага бир гана депутат Касымалиева каршы добушун берди.

Белгилей кетсек, ЖК депутаттары жыйынга чогулуп, бир катар мыйзам долбоорлорун окуулардан өткөрүп, талкуулап жаткан чагы.

Ал эми айрымдар буга каршы пикирлерин айтышууда, себеби жакшылап талкуулабай туруп эле, ар ким өзүнө керек болгон мыйзамдарды туртүп чыгарып жатышат дешүүдө.

Айрымдар азыркы учурда эл өкүлдөрү кырдаалга гана жараша мыйзам долбоорлорун гана кароосу керектигин белгилешүүдө.

Количество просмотров: 129