6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү төрага катары жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев КСДП фракциясынан депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо үчүн ишеним кат беришкенин ырастады. Бул тууралуу бүгүн Абдылдаев Бишкекте өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынында Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып бышыктаган.
Сурабалдиева «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган видеосунда ал “Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо боюнча Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Төрөбай Зулпукаровдун ишеним кат бергени чынбы? Ошол кат сизде барбы?”- деген суроосуна Абдылдаев “Ооба, менде бар” — деп жооп бергенин көрүүгө болот.
Ал эми ЖКнын басма сөз кызматы депутаттары А.Жээнбеков, Т.Зулпукаров жана И.Матраимов КСДП фракциясынын депутаттарынын бирине ишеним кат беришкени чын экенин айтты. «Ишеним каттар М.Абдылдаев төрагалыкка шайлана электе эле берилген», — дейт ал.
Учурда депутаттар парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу жана президентке импичмент жарыялоону кеңешип жатышат.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен башталган митингдер баш аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү ээлеп алган. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.
Андан бери өлкөнү мыйзамдык талаага кайтаруу үчүн Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүү айтылган. 6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер сунуштаганын жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдер легитимсиз экенин айтышууда.