• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутаттар Мамытовдон Орусияга барганда мигранттардын көйгөйлөрүн көтөрүүнү суранышты

16 Бирдин айы 202211:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Орусиядагы мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу маселелерди көтөрүшүп, төрага Талант Мамытовдон жакында Орусияга боло турган сапарынын жүрүшундө ушул маселелерди көтөрүү демилгесин айтышты.

Эл өкүлдөрүнө жооп берген төрага бул маселе анын иш сапарында карала турганын билдирди.

«Орусияга болгон иш сапар боюнча маселелер каралып, даярдалып жатат. Ал жерде Кудай буюрса, ушул маселелерди көтөрөбүз. Ар бир фракцияга өзүңөрдүн өкүлдөрүңөрдү кошуп бергиле деген сунуш бергенсиңер», — деди төрага.

Количество просмотров: 237