• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Төрөбаевдин талапкерлигин колдоду

30 Жалган куран 2022 11:36 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 30-марттагы жалпы жыйынында депутаттар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Жыйында талапкер тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Жыйындагы жалпы 68 депутаттын баары макулдугун берди.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Количество просмотров: 83