• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутаттар сентябрда иштебейт, бирок айлык алышат

11 Аяк оона 2020 15:39 Бишкек Govori.TV


Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айы үчүн айлык маяна алышат. Бул тууралуу парламенттинн басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка карганда, Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө жана регламенти жөнүндө мыйзамдарга ылайык, депутаттар жаңы чакырылыштагы депутаттар ант берип, кызматына киришкенге чейин эмгек акысын үзгүлтүксүз алышат.

«Депутаттар жыйынга чогулбай эле маяна ала береби?» деген сөздөр да айтылууда. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо өнөктүгү учурунда парламенттин трибунасын өз партиясынын кызыкчылыгы үчүн колдонуудан карманып, бир ай бою региондордо эл менен жолугуу чечимин кабыл алган. Башкача айтканда, алар эл өкүлчүлүк милдетин толук аткарып жатышат. Эгер өнөктүк учурунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү муктаждыгы пайда болсо, Жогорку Кеңештин депутаттары 24 сааттын ичинде чогулууга даяр. Айрым маалымат булактары Жогорку Кеңештин бир айлык бюджетин 120 депутатка бөлүп, эл өкүлдөрүнүн чыгымдары боюнча туура эмес маалыматтарды таратышууда. Депутаттардан сырткары парламентте аппараттын, иш башкармалыктын кызматкерлери да, Эмгек кодексинде белгиленгендей маяналарын алышат. Кошумчалай кетчү жагдай, Жогорку Кеңеш ушул жылы пандемияга байланыштуу чыгымдарын кескин кыскартууга барды. Сатып алуулар, оңдоп-түздөө иштери токтотулду. Андан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары бир айлык эмгек акысын, айрым фракциялар эки, үч айлык эмгек акыларын пандемияга каршы күрөшүү фондуна которуп берген. Жогорку Кеңештин бардык чыгымдары толугу менен мыйзамдарда белгиленген нормалар менен гана жүргүзүлөрүн дагы бир жолу баса белгилегибиз келет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары өз ишин 2-октябрга чейин токтотушкан. Мындай чечим 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынган.

Количество просмотров: 113