• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Депутаттар Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берди

10 Үчтүн айы 2024 12:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев боюнча депутаттык комиссиянын чечими каралды. Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев катышты.

Комиссия төрагасы депутат Алишер Эрбаев Башкы прокуратура Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоп, 27-декабрда аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү сунушун парламентке жөнөткөнүн айтып, комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Эрбаевдин айтымында Эмил Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жолукканын айтты.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берип, тишелүү токтом долбооруна 69 депутат “макул” деп добуш берди.

Количество просмотров: 85