ЖК депутаттары өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо мүмкүндүгү талкуулоодо бир пикирге келе алышкан жок. Бул тууралуу интернетте тараган депутаттардын жолугушуудан кийин деген видеодо айтылат.
Анда депутаттар бир пикирге келе албай тарап бара жатканын көрүүгө болот. Жолугушуу өтө турган жай айтылган эмес.
Видеодо депутат Эльвира Сурабалдиева менен талапкер Айжан Чыныбаева жаңы шайланган төрага Мыктыбек Абдылдаевден калуусун өтүнүп жатканы көрүнүп турат.
«Түгөнбөгөн сүйлөшүүлөр. Депутаттар дагы ойлоно турган болушту», — деген Чыныбаева.
Абдылдаев мейманканадан чыккандан кийин башка депутаттар да тарай баштаган. Сурабалдиева жаңы спикер импичмент тууралуу документке кол коюудан баш тартканын айтып берди.
Эске салсак, 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөткөнүн жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдерди легитимсиз деп баалашууда.
6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.