• Бейшемби 6 Тогуздун айы 2022
  • Четверг 6 Октябрь 2022

Депутаттар ЖЭБ боюнча жоопкерлердин тизмесин түздү

7 мая 2018 в 17:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.05.2018 Govori.TV
Депутаттар ЖЭБди оңдоо маселеси боюнча жооптуу аткаминерлердин тизмесин түздү, ал УКМКга жөнөтүлөт.
Бишкек жылуулук электр борборун оңдоо боюнча кытайдын ТВЕА ишканасы менен макулдашууга кол койгон мурдагы аткаминерлерге депутаттык комиссия тарабынан саясий баа берди. Эми бардык материалдар УКМКга жана Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева маалымдады.
Маалыматка ылайык, эртең комиссиянын бардык мүчөсү жыйынтыктоочу корутундуга кол коёт.
«Биз укук коргоо органы болбогондон кийин юридикалык баа бере албайбыз. Бирок ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын командасынын жоопкерчилигин белгиледик. Ошондой эле мурдагы каржы министри Ольга Лаврова менен экономика министри Темир Сариев дагы жооп бериши керек. Корутундуда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы белгиленди», — деди Аида Касымалиева.

 

Булак 24.kg

Количество просмотров: 2

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда