Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев ЖКга кат жазып, экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнгөнү белгилүү болду. Ал парламентке жолдогон катында экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жүйө келтирген. 2005-жылдагы элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган. Мурдагы президенттин жогорудагы отунүч каты тууралуу президент Садыр Жапаров да пикирин билдирип, акыркы чечим ЖК депутаттарында экенин айткан.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаков Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү өтүнүчүн канааттандырса туура болоор эле деген пикирде.
Анын айтымында, ар бир жаран өзүнүн Конституциялык укугун колдоно алат, мындан улам Акаев да өз укугу менен колдонуп Жогорку Кеңешке кайрылуу кылды.
«Баарын таразалап көрүп элибиздин келечегин ойлосок анда мыйзам чегинде Аскар Акаевичтин суроосун канааттандырса туура болоор эле деген ой келип турат. Эртеңкибизди, өлкөбүздүн келечегин ойлосок анда ар бир президентке мыйзам ченеминде түз, так баа бериш биздин парз деп ойлойм», — деди Жанузаков .
Ошондой эле ал Акаевдге экс-президен макамынын берилишине көпчүлүк эл каршы деген пикирге кошула албасын айтты.