Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев ЖКга кат жазып, экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнгөнү белгилүү болду. Ал парламентке жолдогон катында экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жүйө келтирген. 2005-жылдагы элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган. Мурдагы президенттин жогорудагы отунүч каты тууралуу президент Садыр Жапаров да пикирин билдирип, акыркы чечим ЖК депутаттарында экенин айткан.
Ал эми тарыхчы, публицист Кыяс Молдокасымов Аскар Акаев президент болуп турганда өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жакшы аткара алган жок деген пикирин айтты.
«Ачыгын айтыш керек Акаевдин алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, эгемендүүлүктүн жарыяланышына, ошол мезгилдеги алгачкы аракеттерине оң баа бериш керек. Ошол эле мезгилде Акевдин 15 жылдык президенттик мөөнөтүн бүтүндөй таразага койсо, ал өзүнүн миссиясы Кыргызстанды таланбай, тонолбой, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок 1994-жылдан баштап Акаев өзүнүн миссиясын, мүмкүнчүлүгүн туура пайдалана алган жок», — деди Молдокасымов.