Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев ЖКга кат жазып, экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнгөнү белгилүү болду. Ал парламентке жолдогон катында экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жүйө келтирген. 2005-жылдагы элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган.
Мурдагы президенттин жогорудагы отунүч каты тууралуу президент Садыр Жапаров да пикирин билдирип, акыркы чечим ЖК депутаттарында экенин айткан.
Ал эми бүгүнкү «Майдан» дебаттарында «Аскар Акаевдин экс-президент макамын сураганы коомчулуктун талкуусунда» деген теманын алкагында сөз болмокчу.
Катышуучулар: