Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.
Жогороку Кеңеште депутаттары Бакытбек Жетигенов жана Канат Исаев мушташып кетишти. Бул туурасында April.kg өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Эл өкүлдөрүнүн мушташа кеткенине эки күн болду. Депутат Бакытбек Жетигенов Канат Исаевдин кабинетине кирип барып катуу сабап салган. Буга себеп Исаевдин парламенттеги сүйлөгөн сөзү себеп болгондугу айтылууда.
Эл өкүлү жыйында сөз сүйлөп жатып экс-президент Алмазбек Атамабаев тизмени түзгөн, ошондуктан уюшкан кылмыштуу топтор парламентке келип калган деген пикирин кыйыткан.
Govori. TV агенттиги бул мушташ болгонбу жокбу тактап жатат.