Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутаттар орус тилинде баяндама угуудан баш тартышты.
Комитеттин бүгүнкү жыйынында Салыктык эмес кирешелер тууралуу кодекске өзгөртүүлөр боюнча баяндама угулмак. Мыйзам долбоорунун демилгечилери баяндаманы орус тилинде даярдап келген.
Жыйында айрым депутаттар мындан мурда баяндамаларды кыргыз тилинде жасоо тууралуу чечим кабыл алынганын эскертип, аларды көрүп жаткан адамдардын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде сүйлөгөн жарандар экенин белгилешти.