Жанар Акаев Жогорку Кеңештин депутаттарын чогултуу аракети болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-октябрда өкмөт үйүндөгү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын лидерлеринин жыйыны өтүп жатканда айтты.
Ал Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чегинде премьер-министрди шайлап бериши керек экенин айтууда. Жыйында Садыр Жапаров да талапкерлигин коё ала турганын белгиледи.
Бирок депутаттар чогула турчу орун тууралуу айтылбай турганын билдирди.