Президент депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдун Башкы прокуратурага суракка барганын иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 8-декабрда билдирди.
«Президент Садыр Жапаров депутаттардын кайрылуусунан кийин жумушчу топ түздү. Бул топ бир жуманын ичинде Башкы прокуратуранын аракеттерин текшерет. Корутунду президентке берилет», — деди Нурланбек Шакиев.
Буга чейин депутаттар Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. Көзөмөл органы эки депутат тең Жогорку Кеңеште жарыялаган маалыматы боюнча чакырылганын билдирген.
Депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин 7-декабрдагы жыйынында Башкы прокуратуранын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштаган.