• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Депутаттар октябрь, ноябрь айынын маянасын толугу менен алышты

4 Бештин айы 202011:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары эки айдын маянасын толугу менен алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдиргенин 24.kg агенттиги жазды.

Маалымат боюнча, депутаттардын көбү октябрь айынын айлык акысын «Ак үйдү» оңдоого которуп беришкен. Ал эми ноябрь айынын маянасын эл өкүлдөрү толугу менен алышты.

Эске салсак, буга чейин алтынчы чакырылыштын депутаттары ыйгарым укуктары аяктагыча бекер иштеп беребиз дешкен эле.

Количество просмотров: 178