• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутаттык комиссия ТЭЦ боюнча ишти карай элек. №47 абакта нааразылык акциясы өтүүдө Соңку жаңылыктар 05 02 18 (видео)

5 Бирдин айы 2018 13:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.02.2018.Govori.TV

Нааразылык акциясы

Бишкектеги №47 абактын жанында абактагы саясатчылардын тарапкерлери нааразылык акциясын өткөрүүдө. Акцияга чыккандар абакта жаткан Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун укуктары одоно бузулуп жатканын айтып, алардын абалы боюнча маалымат берүүнү түрмө жетекчилигинен талап кылууда. Акцияга чыккандар камактагы үч саясатчыны “кургак ачкачылыкты” токтотууга чакырышты. «Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына нааразы. Ошондой эле УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылып, 30-январдан тарта кургак ачкачылык жарыялашкан. Алар УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган. 2-февралда туугандары ачкачылык кармаганына карабай алар сотко жеткирилгенин билдиришкен. Сотто Бектур Асановдун кургак ачкачылык кармоону акырына чейин улантарын айтканы жазылган аудио интернетке тарады.

Депутаттар ТЭЦ боюнча ишти карай элек

Бишкек жылуулук борборун жаңылоо жана андагы кырсыктын чоо-жайын иликтөө боюнча депутаттык комиссия ишин баштай элек. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынан депутат Аида Касмалиева билдирди. Анын айтымында, өткөн аптада түзүлгөн комиссия жыйынга чогула элек. “Депутаттык комиссия ушу аптада ишин баштамак. Бирок бул жумада шайлоочулар менен иштөө үчүн аймактарга кетишти. Ошондуктан, кийинки аптадан тарта ишин башташы мүмкүн”, — деди Касмалиева. Депутат комиссия көз карандысыз эксперттерди тартуу менен Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллардын сарпталышын жана ЖЭБдеги кырсыктын чоо-жайын иликтерин кошумчалады.

Баласын депкир менен сабаган эне

Ош шаарынын жашоочусу 23 жаштагы А.Д. аттуу эне 3 жаштагы баласын депкир менен катуу сабаган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Берилген маалыматка ылайык, ал баласын эсин жоготконго чейин сабаган. «Учурда баланын абалы өтө оор. Ички органдары жабыркап, денеси көк ала болуп кеткен. Баланын баш мээсине кан уюп калган. Баласынын абалы оорлошуп кеткенде Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып барып, өзүнүн ур-токмокко алганын жашырып, «тепкичтен жыгылып кетти» деп жалган маалымат берген», — деп жазылат маалыматта.Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баласын сабаган А.Д. камакка алынган. Учурда баланын энесинин үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголду. Маалыматтарга караганда эне баласын жалгыз тарбиялап келген.

Количество просмотров: 7