• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«КТ Мобайл» бажалардын сырын ачабы?

30 Бугу 201914:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму 31-май болот. Бул тууралуу ЖК депутаты Курманкул Зулушев билдирди.

Маалым болгондой, отурумга премьер-министр катышат жана «КТ Мобайл» боюнча эсеп палатасынын отчету угулат.

Мындан сырткары, бир топ маалыматтар ачыкталып, жыйыны кызуу өтөөрү айтылууда.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик «Кыргыз телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.

Ошондон улам, КСДП жана «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Акаев Жанарбек, Жураев Сайдолимжан, Осмонова Айнура, Кулбараков Абтандил, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Маматалиев Марлен, Зулушев Курманкул, Жеенчороев Мирлан, «Кыргызстан» фракциясынан Баатырбеков Алмаз, Масабиров Таалайбек, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Асылбаева Гүлшат, Жамалдинов Зиядин, «Бир Бол» фракциясынан Жапаров Акылбек, «Ата Мекен» фракциясынан Шыкмаматов Алмамбет кирген.


Количество просмотров: 13