Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.
Укук коргоочу Турсунбек Акун коррупция боюнча баяндама жасоо сунушун, Амазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча комиссиянын экинчи отурумуна киргизген. Бирок комиссия бир добуштан каршы чыгышкан.
Укук коргоочунун каалоосун комиссия төрагасы Каныбек Иманалиев жеткирип, бирок депутаттардын бири » Т.Акун ММКда Батукаев боюнча акча алганы айтылып жатат, анын бул жакка келиши өзүн коргоо болуп калат да. Бул жерге киргизбей эле койгон оңго»-деп айтты.