• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Депутаттык комиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди

9 Үчтүн айы 2024 19:41 Бишкек Govori.TV

Эл өкүлү Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия аны жоопко тартууга макулдук берди. Бул тууралуу Govori TVга өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, жабык өткөн жыйында комиссиясынын 7 мүчөсү «макул» добуш беришсе, бирөө каршы болгон.

Буга чейин маалымдалгандай, Эмил Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексининин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатат.

Депутатты жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Курамына Данияр Төлөнов («Мекенчил»), Эльдар Сулайманов («Ата Журт-Кыргызстан»), Бахридин Шабазов («Ишеним»), Кубанычбек Самаков «Элдик»), Алишер Эрбаев «Бүтүн Кыргызстан»), Бакыт Тентишев «(Ынтымак»), Азамат Исраилов («Альянс»), Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру») кирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылы ошол кездеги Каржы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

Жамгырчиев мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Кийин Жамгырчиев менен Калмуратов Жогорку сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.

Жогорку Сот Эмил Жамгырчиевге жана Бактыбек Калмуратовго козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.

Быйыл ноябрда иш кайрадан жандандырылып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

Количество просмотров: 176