• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот Жамгырчиевди үй камагына чыгарды

2 Бирдин айы 2024 20:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Адвокаты Кайсын Абакиров Фейсбукка жазгандай, Жамгырчиевдин бөгөт чарасы 2-февралда каралды.

Эске салсак, 10-январда парламент депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ага «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып коюлган.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми депутат Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп качып кеткени маалымдалган.

Соцтармакта «депутаттын качып кетип жаткан учуру» деген видео тараган.

Кийин ал УКМКга суракка барганы маалымдалган.

Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комментарий берген. Ал депутаттарга кайрылып, тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтылышы керек экенин айткан.

25-январда Жамгырчиев бир айга камакка алынган.

Количество просмотров: 146