• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Гимнди депутаттар эле кабыл алабы? Комиссияда эмне үчүн чыгармачыл адамдар жок?

12 Бештин айы 202411:35 Бишкек Govori.TV

Гимнди өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнү кечээ белгилүү болду.

Жогорку Кеңеште мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп ага сегиз депутат — Жанар Акаев, Аккулу Бердиев, Бакытбек Марипов, Винера Раимбачаева, Кубаныбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Айбек Маткеримов жана Советбек Рустамбек уулу кириптир. Бирок негедир чыгармачыл адамдар бул комиссияга кирбептир.

Вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Министрлер кабинетинде түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жаңы гимндин үч вариантын тандап, парламентке сунуштай турганын билдирди. Кийин алар депутаттык комиссия менен иштеп чыгып, Жогорку Кеңеш гимдин үч долбоорунун ичинен бирөөнү тандап мыйзам менен бекитери айтылды.

Гимнди өзгөртүү демилгесин ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев көтөргөн. Президент Садыр Жапаров да “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде гимнди колдой турганын билдирген.

Количество просмотров: 131