• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутаттыкка талапкер Таштанбеков УКМКнын абагына камалды

7 Бештин айы 2021 10:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Мурдараак маалымдалгандай, УКМК КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирип жатат.

2021-жылдын 6-декабрында КР БШК А.Таштанбековду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Ошол эле күнү А.Таштанбеков айыпталуучу катары алынып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салскак, БШКнын маалыматы боюнча, Акбөкөн Таштанбеков №30 Ысык-Ата бир мандаттуу округунда эң көп добуш топтогон.

Количество просмотров: 230