Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатыкка коюу жөнүндө демилге көтөрүп чыккан эле. Бул билдирүүгө «5-каналдын» жетекчиси Эрнис Кыязов жооп кылып, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына пост жазды.
«5-канал эми эмне болот?.. -деп жумушумда да, жумуштан тышкары да сурашат менден. Эмне болмок эле? 2010-жылы парламентте бу каналды «парламенттик болсун» деп чечишкен. Парламенттик делген аты эле болбосо парламент бу каналдын өнугүшүнө каржылай да, чыгармачыл да көңүл бөлүүгө убактысы болбой, анан каналдын 80 млн.сомго жакын карызын көрүп, «..муну парламенттин чөнтөгүнөн төлөп берсек, эл бизди сойбойбу..» дешип, өкмөткө «өзүң чеч» деген маселе койду. Өкмөт каналдын контентин, рекламалык кирешесин көбөйт,- деп Мүлк фондуна кулак какты. Мүлк фонду болсо 50гө жакын санарип твлардын ичинен 5-каналга рекламаны күргүштөтүп түшүрүү камылгасын ойлоп, «25 кадр» деген уюм менен биргеликте болгон аракетин жасап келе жатат. Чыгармачылык жагын биз «жуурканга жараша бутту сунуп» кадрдык, техникалык дараметке жараша контент сунуп келатабыз. Кыйратып салдык,-деп айтпайм, колдон эчтеке келбей шалдырап олтуруп калдык деп шөлбүрөгөн да жокпуз. Өкмөт менен парламент «…мындай жалпак камаздын өлкөгө кереги жок, бизге РТР, Первый канал деген эле жалпак жөжөлөр керек..» дейби, айтор Бешинчи каналды жабуу же сатуу, же өкмөткө калтыруу жагын өздөрү билишет. Ташбаканы кандай учуруп, кандай кондуруу ошолордун колунда. А чыгармачыл топтогу чыгармачыл адамдарга эмне,.. «сентябрыбыздын» күнү бүтсө, «жалбыракка» айланып, 5-каналды токтотсо «апрель…май….июнга» айланып жүрө берет экенбиз да. Кабинеттердеги орундуктарды, креслолорду гана бошотуп бергенибиз болбосо, оозубуздагы сөзүбүз, ичибиздеги өнөр-шык, талантыбыз өзүбүз менен кала берет экен! Коку-ууй жумушумду алып койду..-деп валидол ичип, бир ай үйүнөн чыкпай нерв болуп, жүрөгүн кармап жатып алчу чиновниктер эмес экен да журналист калкы», — деп жазган ал билдирүүсүндө.
Эске салсак, «Бешинчи канал» 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны кийинчерээк апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында ««Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.