• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутаттын Гүлшайыр Садыбакасовага жеке таарынычы жок

11 Бештин айы 2022 13:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү Ош облустук Рысбай Абдыкадыров атындагы филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын «депутат менден кечирим сурасын»,-деген пикири тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Жогорку Кеңештин депутаты элдин өкүлү катары калк тарабынан айтылган көйгөйлөрдү көтөрүп, алардын чечилишине көмөк көрсөтөт. Алсак, депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин Ош шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын абалы менен жеринде таанышкан.  Ага ылайык, аталган маданий жайдагы жагдай тууралуу парламентте кеп кылып, 22 жылдан бери башкарып келе жаткан жетекчилиги боюнча пикирин билдирген. Тагыраагы, ырдын пири Рыспайдын атын алып жүргөн филармониядагы шартты жакшыртуу менен маданий жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында гана маселени көтөргөн. Депутат Аида Исатбек кызынын Г.Садыбакасовага карата мындан башка жеке таарынычы жок. Андыктан, айтылган пикирди туура кабыл алып, 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан филармонияны өнүктүрүү жаатында жигердүү иш алып барат деген ишеничте.

Албетте депутаттар бардык конструктивдүү сындарды угууга даяр. Калктын көйгөйүн көтөрүп чыгууда айтылган пикир айрым адамдарга жакпашы анык. Бирок депутат Аида Исатбек кызы өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттеги жана коомдогу көйгөйлөрдү ачык айтып, аларды чечүү багытында ишин жигердүү уланта берет.

Количество просмотров: 462