• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутаттын үйүнөн таңгакталган долларлар жана баңгизаттар табылды (сүрөт)

9 Кулжа 2021 12:09 Бишкек Govori.TV

Эл аралык баңги заттар тобунун ишине бөгөт коюлуп 50 кг ашык баңгизаттар жана 250 миң АКШ доллар акча каражаттар табылып алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, УКМК баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча пландалган иш-чаранын жүрүшүндө «Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» маршруту боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган туруктуу уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Такталгандай, аталган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун уюштуруучусу Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты «О.М.Б.», баңги заттарды сатуу үчүн Тажикстан Республикасынан Өзбекстан Республикасынын аймагына Кыргызстан Республикасыны аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 7-июнунда Баткен областынын Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө, Өзбекстан Республикасынын аймагына өткөрүү максатында баңги заттардын башка партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен «О.М.Б.» кармалды. Кармалган «О.М.Б.» жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү ишинде 9 кг ашык чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 курал (уруксаты жок), 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 мнң сом акча каражаттары табылып алынды.
КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча КР жарандары «О.М.Б.», «О.К.М.» жана «О.К.А.» кармалып Баткен шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен аталган баңги каналынын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Количество просмотров: 18254