• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Депутат Таабалды Тиллаев: Вице-премьер министр Ж.Раззаков баш болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына көз жумушту

23 Теке 201911:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.07.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин Баткен облусундагы чек ара маселесине байланыштуу социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу чукул кайрылуусун жарыялады.

Анда, «Бүгүнкү Баткен жергесинде болуп өткөн окуя Кыргызстандын ар бир жаранын тынчсыздандырууда. Мамлекеттин аймактык бүтүндүгү баарыбыз үчүн зарыл. Чек арада абал туруктуу эмес экендигин буга чейин айтып, Жогорку Кеңеште, Өкмөткө маселе коюп келдик. Чек ара маселесин чечүүдө өз элине аброю жок, өз элинен корккон Өкмөттүн мурдагы облустагы өкүлү, Өкмөттөгү чек ара маселелери боюнча вице-премьер министри, ошондой эле өз көлөкөсүнөн корккон, эч нерсени чече албаган ИИМ министри сыяктуу кадрлар отурганда карапайым калктын коопсуздугу жана мамлекеттин бүтүндүгү коркунучта кала берет. Анткени, буга чейинки мамлекеттер аралык чек ара боюнча келишимдер чийки жана анда Кыргызстандын кызыкчылыгы четке кагылгандыгын какшап айтып келдик. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча жооптуу өкүлү, вице-премьер министр Ж.Раззаков баш болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына көз жумушту. Жыйынтыгын бүгүн көрүп отурабыз. Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жоопкерчиликти сезип, кетирген кемчиликтерди моюнга алышы керек жана баарыбыз кырдаалды курчутпоого салым кошуубуз зарыл. Урматтуу, Баткен облусунун калкы, бүгүнкү оор кырдаалда ар бириңиздерге мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ынтымак жана биримдик, ошондой эле сабырдуулук тилейм»-деп жазылган.

Количество просмотров: 13