Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн алдында митингге чогулган тарапташтарына чыгып, сөз сүйлөдү.
Анда ал бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чакырышканын, ал жакка барып, айрым депутаттар жана президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын айтты.
«Түнкү саат он экиде резиденцияга чакырышкан. Депутаттардын катышуусунда президент менен жолуктук. Кырдаалды тезирээк мыйзамдуу жолго салууну талкууладык. Президент качан десеңер арыз жазып, өз каалоом менен кетем, депутаттар чогулсун, жыйын болсун деди», — деп билдирди Жапаров.
Садыр Жапаров кайра резиденцияга бара турганын айтты.