Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана шаар коменданты өкмөттүн маалымат борборунда онлайн брифингге келишип, корнавирус боюнча азыркы абал туурасында айтып беришти.
Анда шаар мэрине Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдө дезинфекция жашоочулардын эсебинде болуп жатканы айтылып, мамлекеттин эсебинен каралганбы деген суроо берилди.
«Дезинфекция көчөлөрдө, ири имараттарда жүргүзүлүп жатат. Бул план менен аткарылууда. Эгерде оору чыкса, ал имарат жана аймак, үй дезинфекция жасалат», — деп жооп берди Суракматов.