• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Диктор Зарыл Мамбеталиева каза болду

26 Баш оона 2020 15:53 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү диктор Зарыл Мамбеталиева катуу оорудан соң дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамбеталиева 82 жаш курагында катуу оорудан соң каза болгон.

Зарыл Мамбеталиева 1938-жылы 25-декабрда Нарын обулусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылында туулган.

Эмгек жолун Ош облусунун Араван районунда башталгыч мектепте мугалим болуп иштеп баштаган. Туубаса таланты, шык дарамети менен конкурска катышып, 1961- жылы Кыргыз радиосуна дикторлук кесипке кабыл алынган. Ошол жылдан 1997- жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик телерадио комитетинде диктор, жогорку категориядагы диктору болуп иштеп, 36 жыл эфир толкунунда үнү өчкөн эмес.

Бул мезгил аралыгында алгач акыркы кабарлар, эл аралык жаңылыктар, докладдарды түз эфирде окуп, кийин адабий-музыкалуу “Кутмандуу болсун күнүңөр”, “Ыр канатында”, “Бейпил түн” адабий, музыкалык берүүлөрдү , радио постановка, бир катар теле жана радио композиция жана “Түркүн тагдырлар” теле берүүсүн алып барган.

Кайталангыс арген үнү менен радио диктор катары аты атпай журтка таанылган Зарыл Мамбеталиева Кыргыз радиосунда көркөм окуунун негиз салуучуларынын бири болгон. “Кыргыз радиосунун” алтын казынасына кабыл алынган Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла”, “Биринчи мугалими” , Мар Бажиевдин “Төрт адам”, Мухтар Ауэзовдун “Көк серек”, Сүйүнбай Эралиевдин “Жаңыл Мырзанын керээзи”, Омор Султановдун “Чарчоонун жүзүнчү ыры” сыяктуу бир катар чыгармалар сакталып, ушул кезге чейин радионун казынасындагы классикалык чыгарма катары эфирге үзгүлтүксүз берилип келет.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Количество просмотров: 404