• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Динара Ашимова: Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча абал кооптуу бойдон калууда

19 Жетинин айы 2022 12:24 Бишкек Govori.TV

Укук коргоочулар же укук коргоо органдары аткарган иштерге карабастан, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча абал кооптуу бойдон калууда. Мындай билдирүүнү депутат Динара Ашимова жазды.

Анын айтымында зордук-зомбулуктун жабыркаган аялдар жакындарынан колдоо таппайт же мамлекет тарабынан толук корголбойт.

«Мен аял, эне жана эл өкүлү катары балдарыбыздын бүгүнкү күнү жана келечеги үчүн абдан тынчсызданам.

Кесиптештерим менен «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз.

Бул өзгөртүүлөр аркылуу зордук-зомбулуктан жабыркагандарды коргоого, укуктарын бекемдөөгө жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу тараптардын укуктарын кеңейтүүнү көздөйбүз.

Биз ар бир адамдын укугу корголгон адилет коомдо жашоого умтулабыз.

Үй-бүлөнү бекемдөө,балдарыбыз бактылуу балалык жана зордук-зомбулуксуз жашоо үчүн адилет жана кайдигер эмес коом түзүүдө мындай мыйзамдын мааниси чоң»,- деп жазды депутат.

Количество просмотров: 235